Орус ырчысы Игорь Николаевдин оор абалда ооруканага түшкөнү айтылды

Орусиялык ырчы жана композитор Игорь Николаев жүрөк оорусунан улам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул тууралуу “112” Telegram-каналында жарыяланды.

Портал билдиргендей, дарыгерлер анын абалын оор деп баалап жатышат. «Январь айында эле олуттуу көйгөйлөр жаралып, ырчыны тез арада ооруканага алып барып операция жасатып, эки стент коюп, ооруканадан чыгарышкан», — деп айтылат маалыматта.