Орус ырчысы Манижа Бишкекте концерт берип, акчанын бир бөлүгүн Кыргызстандагы хоккей ойногон кыздарга берет

Орусиялык ырчы Манижа Бишкекте концерт берет. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына өзү жазды.

«Мен Бишкекте биринчи жолу концерт коём. Өткөн жылдын күзүндө башталган тур — музыкант Манижанын кыялы. 2022-жылдын октябрь айында мен Кыргызстандагы жалгыз хоккей боюнча кыздардын «Ысык-Көл канаттары» командасын колдоо максатында видео чыгаргам. Анда жаш хоккейчилердин окуясы «Now or Never» ыры менен чагылдырылган. Команда тууралуу мен БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин ак ниет элчиси катары Бишкекке келгенимде билдим. Концерттин жүрүшүндө чогулган каражаттардын бир бөлүгү хоккей боюнча “Ысык-Көл канаттары» командасына берилет«, — деди ал. 

Тажик тектүү орусиялык ырчы Манижа Кыргызстандын хоккей ойногон кыздары тууралуу клип тарткан. «Алар өздөрү Ысык-Көлдүн түндүгүндөгү Отрадное айылында жашашат жана жергиликтүү дилгир машыктыруучунун аракети менен хоккей аянтчасына айланган мурдагы картошка талаасында машыгышат. Кыздар тынымсыз үй жумуштары менен алек. Алар чоң спортту кыялданышат, багынышпайт. Ооба, мен Бишкекке сөзсүз түрдө кайрымдуулук боло турган концерт менен барам жана каражаттын бир бөлүгүн ушул команданы колдоого жөнөтөм», — деген эле.