90-жылдардын жылдызы, орусиялык ырчы Юрий Шатунов каза болду

Белгилүү орусиялык ырчы Юрий Шатунов 48 жаш курагында оорудан каза болду. Бул тууралуу орусиялык басмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, «Ласковый май» тобунун мурунку солисти жүрөк оорусунан каза болгон. «Бүгүн түнү Юранын жүрөгү токтоп, «Тез жардамдын» каретасында каза болду«, — деген артисттин директору Аркадий Кудряшов.

Юрий Шатунов «Седая ночь», «Белые розы», «Не бойся», «Детство» деген ырлары менен таанылган.

Кечээ, 22-июнь күнү «Шоколадный заяц» ыры менен коомчулукка аты чыккан ырчы Пьер Нарцисс да жүрөк оорусунан каза болгон.