Орусияда кыргыз атактуулары тартылган «Идентификация» триллер сериалы чыкты (трейлер)

Орусияда «Идентификация» аттуу көп сериялуу психологиялык триллер чыкты. Анда Москвадагы кыргыз диаспорасындагы орус кызынын тагдыры сүрөттөлөт. 

Орус ЖМКлары жазган маалыматтарга караганда, режиссер Владлена Сандунун тасмасы 2019-жылы тартылган. Дүйнөлүк бет ачары ошол эле жылдын 27-мартында Францияда Series Mania фестивалынын эл аралык сынагында өткөн. 2022-жылы сериал Орусияда Premier платформасында чыга баштады.

Сериалга орус жана кыргыз атактуулары тартылган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ырчы Курал Чокоевдин билдиришинче, сериалда Курал Чокоев өзү, актёр Анвар Осмоналиев, режиссёр Эрнест Абдыжапаров, актриса Мээрим Атантаева менен Сайрагүл Эсенбаева роль жаратышкан.

Окуянын чордонунда Москвада Кыргызстандан барган мыйзамсыз мигранттардын арасында жашаган Лера аттуу каарман болот. Ал кийим-кече базарында иштейт, анын жигити ошол эле кыздын башчысы болгон Бакирдин агасы. Ал Леранын колун сурайт. Кыз макул болот, бирок үйлөнүү үлпөтү учурунда Бакир пайда болуп, Лераны коркутуп, жаңжал чыгарат. Бир нече убакыт өткөндөн кийин ал киши колдуу болуп табылып, Лера башкы шектүү болуп калат, анткени кыз өлтүрүлгөн адамды акыркы жолу көргөн.