Орусияда өткөн сулуулар сынагында кыргызстандык актриса Марал Койчукараева вице-мисс болду

Москвада мигранттар арасында «Орусиянын мигранттар федерациясынын Мисси — 2021» сулуулар сынагынын финалы өттү. Анда 25 жаштагы өзбекстандык Рушана Каримова жеңүүчү деп табылды.

Сынакта кыргызстандык актриса, «Ээнсиреген үй» тасмасы менен белгилүү болгон Марал Койчукараева вице-мисс наамына ээ болду.

Сынакка мурунку Советтер союзунун курамындагы 13 республикадан 50 кыз арыз берген, бирок финалга Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Орусия жана Өзбекстандан 10 гана кыз өткөн.