Орусияда өтүп жаткан даректүү тасмалардын фестивалында Ысык-Көлдүн булганышы тууралуу тасма көрсөтүлөт (трейлер)

Ысык-Көлдүн булганышы тууралуу режиссер Тамара Кубаева тарткан “Түбүндө” тасмасы “РОССИЯ” даректүү тасмаларынын ачык фестивалынын программасына кирди. Бул тууралуу “Работники ТВ” сайты билдирет.

Маалыматка караганда, иш-чара Екатеринбургда 1-октябрдан 6-октябрга чейин өтөт. Жалпысынан тандоого 525 тасма түшкөн. 

«Түбүндө» тасмасы 2022-жылы жаралган. Ал Ысык-Көлдүн экологиясына жана түбүн тазалаган ыктыярчыларга арналган.