Орусиялык айым Димаш Кудайбергендин фамилиясын алды

Казакстандык ырчы Димаш Кудайбергендин ашынган күйөрманы, орусиялык Кристина аттуу айым кумиринин фамилиясын алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

«Эми расмий түрдө Кудайбергенмин« деген кубанычы менен Кристина Кудайберген Инстаграм баракчасына бөлүштү. Күйөрман ырчынын чыгармачылыгы менен 2019-жылы таанышып, алгачкы секунддарда эле атактуу анын жүрөгүн ээлегенин айтат. «Март айында курбум менен сүйлөшүп отуруп фамилия өзгөртүү боюнча сөз козголгон. Ошондо курбум баары өзүңдүн колуңда дегенинен, Димаштын фамилиясына өтүүнү чечтим.

2021-жылы бир жума аралыгында ата-энемден айрылдым. Ошол эле жылы чоң энем каза болду. Димаш ырлары менен жан дүйнөмө кирип, кайра жаралуума себепкер болду. Анын мага кылган жакшылыктарына ыраазычылык катары фамилиясын алууну чечтим. Апрель айында Димаштын фамилиясын алуу максатында ЗАГСка кайрылдым. Эми минтип расмий түрдө Димаш Кудайбергендин фамилиясына өттүм. Димаш менин жүрөгүмдү уурдады эле, мен минтип фамилиясын уурдап алдым», — деп жазган ал.