Орусиялык актёр жана көркөм жетекчи Сергей Безруков коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу ал өзү Instagram баракчасына жарыялады.
«Коронавирус менен ооруп калдым. Баары көзөмөлдө», — деп жазды ал. Ошол эле учурда, анын катышуусу менен спектаклдер башка күндөргө жылдырыларын тактады. «Биз спектаклдерди башка күндөргө жылдырабыз, кабатыр болбоңуздар», — деп жазды Безруков.
Сергей Безруков 48 жашта. Ал 1994-жылдан бери тасмаларда роль жаратат. «Бригада» телесериалындагы ролу менен элге таанылган.