Орусиялык продюсер: «Евровидение» сынагын саясатташтырып салышты, анын музыкага тиешеси жок»

Туринде өткөрүлүп, Украинанын жеңиши менен аяктаган «Евровидение» сынагынын музыкага такыр тиешеси жок деген пикирин орусиялык продюсер Иосиф Пригожин билдирди.

«Бул сынак саясатташтырылып кетти. Анын музыкага такыр тиешеси жок. Мен сынакты да, финалын да көргөн жокмун. Бирок кесиптештеримдин социалдык баракчаларынан эмне болуп жатканын көрүп турам. Мисалы, Киркоров эле көп нерсени чыгарып койду. Эртең менентен бери жаңылыктардан Украина жеңди деп жар салып жатышат. Мындай нерсени байкабай коюу мүмкүн эмес», — деген Пригожин.