Орусиялык режиссёр издеп жаткан кыргызстандык Нурбол Кайратбек уулу табылды

«На близком расстоянии» тасмасынын режиссеру издеп жаткан кыргызстандык Нурбол Кайратбек уулу табылды. Бул тууралуу актриса Ксения Раппопорт Instagram баракчасына жарыялады.

Ал экөө аталган тасмада роль жаратышкан. Кыргыз жигит курьердин ролун аткарган. Ал Москвада чындыгында эле курьер болуп иштейт. Актриса курьер менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, билдирүүгө “Достор! Тынчсызданып жаткандарга — Нурбол Кайратбек уулу табылды! Ура! Кечээ Арт театрында болгондорго рахмат» деп жазды. 

«Вечерний Ургант» программасынын эфиринде тасманын режиссеру Григорий Добрыгин тасма тартылып бүткөндөн кийин кыргыз жигит байланышка чыкпай жатканын билдирген