Орусиялык рэпер Гуф экинчи ирет ата болду

Коомчулукка «Ice baby» ыры менен таанылган орусиялык рэпер Гуф экинчи ирет ата болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

42 жаштагы рэп ырчынын жубайы 26 жаштагы модель Юлия Королева менчик клиникалардын биринде көз жарган. Жаңы статусу тууралуу модель социалдык баракчасына «Жаңы жашоо тартуулоо… Чыныгы бакыттын оор көз ирмеми» деген билдирүү калтырды.

Бул Юлиянын биринчи перзенти. Гуфтун мурунку жубайы, аткаруучу жана блогер Айза-Лилунадан 12 жашар уулу бар.