Орусиялык ырчы МакSим пневмонияга чалдыгып ооруканага түштү

Орусиялык ырчы МакSим коронавируска чалдыгып ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ырчы айым Инстаграм баракчасына жарыялады.

Анын айтуусу боюнча, 11-июнда өзүн жаман сезген, бирок тест жыйынтыктары таза чыккан. Ырчынын абалы бара-бара начарлай баштаган. Дене табы көтөрүлүп, акырында ооруканага алып келинген. «Өпкөгө 40 пайыз доо кетиптир, менде ковидге карата анализдин тактыгы жок, бирок дарыгерлер пневмония деп жатышат», — деген ырчы. Ал ошондой эле 19-июнда өтө турган концертин дагы токтотууга аргасыз болгонун кошумчалады.