Орусиялык ырчы МакSим сыйлык алууга дарыгерлер менен бирге барды (видео)

Орусиялык ырчы МакSим «Алтын граммофон» сыйлыгын алууга сахнага дарыгер-реаниматологдор менен бирге чыкты. Бул тууралуу ТАСС жазды. 

«Быйыл кесиптешибиз, ырчы МакSимдин ден соолугуна тынчсыздануу менен көз салып жаттык. Ал эс-учун жоготуп ооруканада көпкө жатып, дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөштү. Эми жамандыктын баары артта калды, биз анын бул сахнага жаңы ырлары менен кайтып келишин чыдамсыздык менен күтөбүз», — деди алып баруучу Иван Ургант.

МакSим «Рахмат» («Спасибо») ыры үчүн сыйлык алды. Ырчы күйөрмандарына ыраазычылык билдирип, клибинин режиссёру, коронавирустан көз жумган Вадим Шатровду эскерди. Ошол эле учурда өзүнүн өмүрүн сактап калган дарыгерлерди сахнага чакырды. 

Ырчы 11-июнда өзүн жаман сезип, 19-июнда өтө турган концертин дагы токтотууга аргасыз болуп, кийин ооруканага жаткырылган. Көп өтпөй, анын Москвадагы ооруканалардын биринде комада экендиги жана жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылганы маалым болгон. Ал эми кийинчерээк ырчынын өпкөсү 75 пайызга чейин жабыркаганын жазып чыгышкан.