Орусиялык ырчы Манижа Кыргызстандын хоккей ойногон кыздары тууралуу клип тартты (видео)

Тажик тектүү орусиялык ырчы Манижа Кыргызстандын хоккей ойногон кыздары тууралуу клип тартты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында жазды.

«Менин Now or Never ырымдын клиби февраль айынын аягында эле чыгышы керек болчу. Бирок клипти Аялдар саммитинде биринчи жолу коомчулукка көрсөтүүнү чечтим. Бул видеонун башкы каармандары Кыргызстандын хоккей боюнча жалгыз аялдар командасынын кыздары. Сюжет боюнча алар жигиттер менен беттешүүгө даярданып, коңшу аймакка мелдештерге барышат. Алар өздөрү Ысык-Көлдүн түндүгүндөгү Отрадное айылында жашашат жана жергиликтүү дилгир машыктыруучунун аракети менен хоккей аянтчасына айланган мурдагы картошка талаасында машыгышат. Кыздар тынымсыз үй жумуштары менен алек. Бирок алар чоң спортту кыялдана беришет, бирок багынышпайт. Ооба, мен Бишкекке сөзсүз түрдө кайрымдуулук боло турган концерт менен барам жана каражаттын бир бөлүгүн ушул команданы колдоого жөнөтөм. Дата белгиленгенде сизге кабарлайм»,- деп жазды ал.