Ош филармониясына директор болуп дайындалган Алишер Тоотаевдин өмүр баяны

Алишер Тоотаев Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониянын директору болуп дайындалган. Маданият жана маалымат министрлиги анын өмүр баяны менен бөлүштү.

Тоотаев 1982-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында туулган. Ниязаалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынан окутуучу, оркестр артисти багытында жана Кыргыз-Өзбек университетинен экономика багытында билим алган.

Алишер Тоотаев Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармонияда солист, “Долбоор” акционердик коомунда музыкант, “ЭлТР” телеканалында редактор болуп эмгектенген. 2018-жылдан баштап “Жигиттер” фольклордук-эстрада тобун жетектеп келген. “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин жана башка бир катар сыйлыктардын ээси.