Ош шаарында Театрдын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Ош шаарында Театрдын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдин катышуусундагы салтанаттуу иш-чара Ибраимов атындагы Улуттук драма театрында өттү. Ага республиканын үч облусунан чыгармачыл жамааттар катышышты. Министр өз сөзүндө чыгармачыл топтор коңшу мамлекеттерге гастролго чыгарын айтты.

«Жыл сайын 27-мартта Театр күнүнө карата масштабдуу иш-чаралар өткөрүлүп келген. Эми иш-чараларды аймактарда өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул залга үч облустун өкүлдөрү — филармониянын жамааттары, театрлар, куурчак театрлары чогулушту. Жакынкы аралыкта Орусия, Казакстан жана Өзбекстанга чыгармачылык топтордун гастролдорун уюштуруу иштелип чыгат. Жакынкы аралыкта репертуар тандалып, чыгармачыл топтор коңшулаш Өзбекстанга кетишет», — деди ал өз сөзүндө.