Ошто Дүйнөлүк эпостордун эл аралык фестивалынын ачылышы болот. Программасы

Бүгүн, 17-майда ордолуу Ош шаарында Дүйнөлүк эпостордун эл аралык 7-фестивалы расмий ачылат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Биринчи күндүн программасы:
17-май — Ош шаарынын борбордук аянты
18:00 – Тынчтык боз үйүн тигүү “Түндүк көтөрүү” жөрөлгөсү;
18:30 — “Тушоо кесүү” салты;
18:40-20:00 – Ош облустук филармониясынын; Казакстандын «Туран» фольклордук ансамблинин; Элдик бий ансамблинин жана маданият, искусство өнөрпоздорунун концерттик программалары тартууланат.
20:00 — VII Дүйнөлүк эпостордун эл аралык фестивалынын салтанаттуу ачылышы болот.