Оштогу айтышта акын Баян Акматов 300 миң сомдук комуз жеңип алды

Ош шаарында 40 төкмө акын катышкан сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу журналисттерге уюштуруучулардын бири Абдубали Акимбеков билдирди.

Маалыматка караганда, сынак 23-сентябрда жыйынтыкталган. Айтышта баш байгени Баян Акматов жеңип алды. Баш байгеге алтын жалатылган 300 миң сомдук комуз жана 80 миң сом акчалай сыйлык коюлган. Мындан тышкары ага алтын менен сырдалган төш белги тапшырылды.

Республикалык деңгээлде өткөрүлгөн акындардын айтышы 2 күнгө созулуп, ага «Алтын комуздан» сырткары, байге фондуна президенттик фонддон 500 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.