“Оскар-2021”: “Көчмөндөрдүн жери” алдыңкы үч сыйлыкты жеңип алды

Лос-Анжелесте “Оскар” сыйлык тапшыруу аземи 93-ирет болуп өттү. Бул жылы Хлоя Чжао режиссёрлук кылган “Көчмөндөрдүн жери” тасмасы топ жарды өңдөнөт. Дегенибиз эң мыкты тасма, режиссёр жана эң мыкты актриса сыйлыгын да дал ушул тасма илип кетти.

Кызыгы, бул ирет сыйлык тапшыруу аземи бир гана “Долби” театрында болбостон, Лос-Анжелестеги темир жол вокзалынын имаратында, ал эми башка өлкөгө чыга албаган атактуулар үчүн өз өлкөлөрүндө, тагыраагы Улуу Британияда кинотеатрлардын биринде, ал эми Францияда телеканалдардын биринде орун алды.

Сыйлык тапшыруу аземи 28-февралга белгиленген. Бирок пандемияга байланыштуу иш-чара апрель айына жылдырылган.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Эң мыкты тасма — «Көчмөндөрдүн жери»

Эң мыкты режиссёр — Хлоя Чжао («Көчмөндөрдүн жери»)

Мыкты актриса — Фрэнсис МакДорманд («Көчмөндөрдүн жери»)

Мыкты актер — Энтони Хопкинс («Ата»)

Экинчи пландагы мыкты актриса — Юн Йо Жунг («Минари»)

Экинчи пландагы мыкты актёр — Даниэл Калуя («Иуда жана кара Мессия»)

Мыкты оригиналдуу сценарий – “Үмүт берген кыз”

Мыкты адаптацияланган сценарий — «Ата»

Мыкты оператордук иш — Эрик Мессершмидт («Манк»)

Мыкты оригиналдуу ыр: Fight for you («Иуда жана кара Мессия»)

Мыкты анимациялык фильм — «Жан»

Мыкты чет элдик көркөм фильм — «Дагы бирден»

Эң мыкты костюмдар — «Ма Рейни: Блюздун энеси»

Мыкты макияж жана чач жасалга — «Ма Рейни: Блюздун энеси»

Мыкты визуалдык эффекттер — «Довод»

Мыкты кыска метраждуу көркөм фильм — «Эки алыскы бейтааныш»

Мыкты даректүү тасма — «Менин мугалимим – осьминог”.