Өзбекстандын Эл артисти Мырза Азизов дүйнө салды

Өзбекстандын Эл артисти Мырза Азизов дүйнө салды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой ал бүгүн, 16-апрелде 57 жаш курагында көз жумган.

Актёр “Юсуф менен Зулайка” тасмасында Фараондун образында, “Фархад менен Ширин” тасмасында Бахром жана башка бир топ өзбек тасмаларында, спектаклдерде роль жараткан.

Учурда өзбек эли актёрдун мезгилсиз дүйнө салгандыгына байланыштуу социалдык тармактагы баракчаларына ал тууралуу эскерүүлөрдү жазышууда. Алар менен катар Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова да төмөнкүдөй эскерүү жазган.

“Өзбекстандын Эл артисти, легендарлуу чоң актёр Мырза Азизов ааламдан өтүптүр. Үй-бүлөлүк жакын досубуз эле. Адамдын өтө асылы, жөнөкөй, сыйчыл инсан эле. Бейишиңиз болсун. Тажибар жеңе, кайрат кылыңыз! Бүтүндөй өзбек элине көңүл айтам. Алдыда чоң долбоорлорубуз бар эле. Сиз дайыма жүрөгүбүздө болосуз. Ишене албай турам. Ыйык Рамазан айында кетип калдыңыз, аке”, — деген билдирүү калтырып, актёр менен бирге түшкөн сүрөттөрүн жарыялаган.