Өзбекстандын театр актерлору Кыргызстанга келишти. Алар бекер спектакль коюшат

Кыргыз-өзбек элдеринин маданий алакасын чыңдоо максатында Өзбекстандын Самарканд облусундагы Каттакурган шаардык драма театры Кыргызстанга мейманга келди. Бул тууралуу Кыргыз драма театрынан билдиришти.

Бүгүн, 28-апрелде 18:30да Чыңгыз Айтматовдун “Эрте келген турналар” спектаклин тартуулашат.

Кирүү акысыз.