«Өзүмдүн үнүм менен ырдаганда болбой калмак». «Бака, бака, балчак» деп ырдаган жигит менен маек

Учурда ТикТок социалдык тармагында «Бака» ыры популярдуулукка ээ болууда.  СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ырды аткарып чыккан Кыял Келсинбеков менен маектештик. Учурда видеону 4 миллиондон ашык адам көргөн.

Ал ырдын ырдалып калуусу жана ага айтылган сындар, алдыдагы пландары менен бөлүштү.

— Саламатсызбы. Сиз менен маектешип жатканыбызга кубанычтабыз. Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

— Аты-жөнүм Кыял Келсинбеков. 1995-жылдын 6-августундв Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кара-Суу айылында туулгам. Мектепти ошол жактан аяктап, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин музыка факультетинин эстрада-вокал бөлүмүндө окудум.

— Учурда ТикТокто сиз аткарып чыккан «Бака» ыры популярдуу болуп жатат. Бул ырды кандайча аткарып калдыңыз?

Мен өзүм 11-классты бүткөндөн тартып, ар кандай үндөрдү туураганга кызыгып, дагы да өздөштүрүп жатам. Кичинекей балдарды туураганга бөбөктөрдүн кылыктары көп жардам берди. Бул ырды жүктөгөнгө чейинки менин ТикТоктогу видеолорум (кичинекей баланын) көпчүлүккө жаккандыктан, кичинекей балдарга дал келген ырларды студиядан жаздырып чыгарайын деп жатам. “Бака” ырын аткарганымдын себеби, бул ырды бала чагымда көп ырдаганым болду окшойт.

— Аткарууңузду мактагандар менен бирге сын айткандар болууда. Эмнеге мындай үн менен жаздырдыңыз жана сын айткандарга эмне дейт элеңиз?

— Албетте, сын болбосо, өсүү да болбойт. Мындай үн менен жаздыруумдун себеби, бул үн бөбөктөр үчүн кызыктуу, эгерде мен өзүмдүн негизги үнүм менен аткарсам, бул ырга дал келмек эмес. Сынчылар ар бир жерде болот. Мен алага ырахмат дегим келет. 

— Бул ырдын ТикТокту «жарарын» алдын ала сездиңиз беле?

— Катардагы видеолордой эле жүктөгөм, мынчалык көрүүчү топтойт деп ойлогон эмесмин. Мындай ырларды чыгаруудагы максатым, кыргыз тилине басым жасап, кыргыздын сонун ырларын ырдаган бөбөктөрүбүз аз, менин жасаган видеолорум аркылуу бөбөктөрдүн кыргыз тилине болгон кызыгуусу артса сонун болмок.

— Учурда эмне менен алектенесиз? 

— Кесибим боюнча иштейм. Вокалдан сабак берем, ошону менен бирге жаңыдан мультфильмдерге үн коштоп баштадым.

— Дагы тизмеңизде ушундай ТикТокту «жара турган» ырлар барбы?

— Бөбөктөргө арналган ырлардын үстүнөн иштеп жатам, буйруса алдыңкы күндөрдө байма-бай чыгара баштайм.

— Маегиңизге рахмат! Ийгилик каалайбыз.