Парижге ким барат? Кыргызстанда бий фестивалы өттү (видео)

Кыргызстанда 22-23-июнь күндөрү Маданият министрлигинин колдоосу менен эл аралык Fusion Concept Qualifier Kyrgyzstan 2024 аталышындагы бий фестивалы өттү. Бул Париж үчүн тандоо чемпионаты. Фестивалдын 2 жеңүүчүсү өлкөбүздүн намысын Парижде коргойт. 

Иш-чарага Франция, Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Индиядан көптөгөн чет элдик коноктор келди. Анда бийчилердин дараметин билүү жана калыстык үчүн бийчилерге ошол жерден музыка коюп берилди. 

«Гранд-финал Парижде өтөт. Биз 3 жыл катары менен тандоо жүргүзүп жатабыз. Катышуучулардын жашы 5 жаштан башталат. 3 калыс Франциядан, 1 калыс Кореядан келди. Бул фестивалдын башкы уюштуруучусу да бул жерде жүрөт»,- деди уюштуруучулардын бири. Иш-чаранын жыйынтыгында, Парижге Ома мнен Ема атуу эгиздер бармай болушту.