Пенсиялык фонд Максим Галкинди соттон утуп алды

Москванын арбитраждык соту юморист жана алпаруучу Максим Галкинден Орусиянын Пенсиялык фондунун пайдасына 4 миң рубль өндүргөн чечим чыгарды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ЖМКлары жазышты.

Пенсиялык фонд жеке ишкер статусуна ээ Галкинден айып пулду өндүрүү боюнча арыз менен сотко кайрылган. Жогорудагы суммадан тышкары арбитраждык сот атактууга мамлекеттик алым — миң рубль айып салды. Учурда Максим Галкин бул көйгөйлөрдү чечүү аракетинде. «Соттун чечими чыкты, эми бул көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылып жатам. Айып пулдун суммасы деле анча чоң эмес, баары жакшы болот», — деди ал.