Президент Садыр Жапаров казакстандык жалгыз манасчыны “Достук” ордени менен сыйлады

Президент Садыр Жапаров Казакстандагы жалгыз манасчы Баянгали Алимжановду «Достук» ордени менен сыйлады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 3-мартта Нур-Султан шаарында президент Садыр Жапаров манасчы Баянгали Алимжанов менен Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында жолугушкан.

Мамлекет башчысы манасчы Баянгали Алимжановго «Манас» эпосун казак тилине которгону үчүн ыраазычылык билдирип, анын кыргыз элдик көркөм өнөрүнүн берметин өнүктүрүүгө жана жайылтууга зор салым кошкондугун белгиледи.

Өлкө башчы Баянгали Алимжановго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгын — «Достук» орденин тапшырды.

Баянгали Алимжанов ушул кезге чейин Казакстандагы жалгыз манасчы. 1984-2004-жылдар аралыгында  жүздөгөн улуттук, эл аралык жана жергиликтүү сынактарга катышкан, ар кандай конкурстардын бир нече жолку жеңүүчүсү.