Продюсер Ислам Сатаров Филипп Киркоровдун юбилейине чакырылды

Продюсер Ислам Сатаров Орусиянын Эл артисти Филипп Киркоровдун юбилейине чакырылды. Бул тууралуу өзү СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

«Филипп Киркоровдун юбилейине Борбордук Азия өлкөлөрүнөн жалгыз гана мен чакырылдым. Сыйлуу коноктордун катарында отурдум. Буюрса, жакын арада анын чоң турнесин баштаганы турабыз», — деди ал.

Ислам Сатаровдун айтымында, ал бүгүн блогер Давид Манукянга (Dava) жолугат жана аны Кыргызстанга чакырганы жатат.

30-апрель күнү Орусиянын Эл артисти Филипп Киркоров 55 жашка толду. Ал туулган күнүн отелдердин биринде Орусиянын шоу-бизнес чөйрөсүнүн бардык атактуулары менен биргеликте белгиледи.