Продюсер Канат Кадыржандын жубайы, ырчы Сезим Болотбекова концерт берди (видео)

Кечээ, 29-ноябрь күнү Бишкектеги Спорт Ордосунда продюсер Канат Кадыржандын жубайы ырчы Сезим Болотбекованын жеке концерти болуп өттү.

Концертке белгилүү ырчылар Нурлан Насип, Аваз Акимов, Айдана Дека, Данияр Эрматов жана башкалар келип ырдап, куттуктап кетишти.

Продюсер Канат Кадыржан сүйүктүүсү Сезим Болотбекованын колун сураганын СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирген болчу.

«Келинчегим ырчы, Нарындын кызы. Чыгармачылык чөйрөсүндө жүрүп табышып калганбыз. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, баш коштук. Кыздуу болгонбуз. 23-ноябрда келинчегимдин туулган күнүндө чын дилимден колун сурадым. Колун көңүлдөгүдөй сурагандын убагын күтүп жүргөм, ошол күн эми келди», — деген ал.