Пусан кинофестивалында кыргызстандыктар кызыл килемден калпак кийип өтүштү

Бүгүн, 5-октябрда кинорежиссер Айбек Дайырбеков, актёрлор Дастан Айбек, Байел Дюшеев 27-Пусан эл аралык кинофестивалында кызыл килемден калпак кийип өтүштү.

Пусан шаарында кинофестивалдын алкагында Айбек Дайырбековдун “Эрмен жыты” тасмасынын дүйнөлүк бет ачары болот.

Пусан эл аралык кинофестивалы 1996-жылдан бери Түштүк Кореянын Пусан шаарында жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан Азиядагы эң ири кинофестиваль. Ал жаңы тасмаларды жана жаңы чыгып келе жаткан режиссёрлордун эмгектерин көрсөтүүгө адистешкен.