Расул Маматкулов: «Садыр Жапаров менен дос болгонума көп жыл болду»

#БийикТикте долбоорунун кезектеги каарманы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Расул Маматкулов болду. Көптөн бери маек бере элек ырчы бутуна операция жасатып, ооруканага жатып чыкканын айтты. Андан соң Садыр Жапаровду колдоо митингине катышканын, аны менен бир топ жылдан бери дос экенин айтты.

Маек ортосунда үй-бүлөсү тууралуу кеп козгоп, жубайына болгон сүйүүсү, уул-кыздарынын чыгармачылыгы тууралуу да айтып берди.

Андан соң кыска-нуска суроолорго жооп берип, атайын даярдалган оюнга да катышты.

Кызыктарга бай болгон эфирди видеодон көрүңүз: