Кыргызстандык Разия Мансурова Египетте өтүп жаткан «Miss Intercontinental» эл аралык сулуулук сынагына катышып жатат. Бул тууралуу «Мисс Кыргызстан» улуттук сынагынын дирекциясы билдирди.
Маалыматка караганда, сынак 3 күн мурда башталган. Катышуучулар буга чейин калыстардын алдына улуттук кийим жана бикини кийип чыгышкан.
Быйыл «Miss Intercontinental» сынагына 49 жыл толгон. 2019-жылы дал ушул сынактын баш байгесин венгриялык сулуу жеңип кеткен. Ал эми 2020-жылы пандемиядан улам сынак 2021-жылга жылдырылган. Быйыл сынакка 73 өлкөнүн сулуулары катышып жатат.