Режиссёр Айбек Дайырбеков кыздуу болду

Бүгүн, 21-июнь күнү режиссёр Айбек Дайырбековдордун үй-бүлөсүндө толуктоо болду. Сүйүнүчтүү кабары менен Айбек мырза социалдык баракчасына бөлүштү.

Айбек Дайырбеков «Дарак ыры», «Ай бала» тасмалары, Казакстанда тартылган «Жаным», «Мужская история», «Скорая помощь» телесериалдарынын режиссёру. Жубайы продюсер Толкун Дайырбекова экөө 1 уул, 2 кызды тарбиялап келишкен.