Режиссёр Геннадий Базаров 80 жаш юбилейин белгиледи

Кыргыз Эл артисти, режиссёр Геннадий Базаров 14-май күнү жакын санаалаштары, кесиптештеринин курчоосунда 80 жаш юбилейин белгиледи. Салтанат Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм искусство музейинде орун алып, кино чөйрөсүндөгү кесиптештери, бир катар мамлекеттик кызматкерлер катышты.

Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Москвадагы ВГИК (Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун) режиссёрлук факультетин аяктаган. Ал «Саманчынын жолу», «Көчө», «Карагыз», «Аномалия», «Нонсенс» жана башка эл журтуна белгилүү тасмаларды тарткан.