Москвада режиссёр Нурбек Эгендин кызынын китеби жарык көрдү

Белгилүү кинорежиссёр Нурбек Эгендин кызы Каныкей жомок китебин чыгарды. Бул тууралуу Нурбек Эгендин жубайы Ирина Эген социалдык баракчасы аркылуу билдирген.

Нурбек Эгендин кызы Каныкейдин алгачкы жомок китеби май айында жарык көргөн. «Жакында Бишкектеги досторубуз Каныкейдин китептерин белекке алышат» деп жазган Ирина Эген.

Эске салсак, Нурбек Эген көп жылдан бери Орусияда жашап келет. Орусиянын Биринчи каналында көрсөтүлгөн бир катар сериалдарга режиссёрлук кылган. Жубайы экөөнүн ортосунда 1 уул, 1 кызы бар.