Режиссёр Темиралы Маймашев: «Гүлнур Асанованын апасынын үйүнө өзүм кирип алгам»

Кыргыз калкына белгилүү болгон «Туңгуюк», «Карагул ботом» тасмаларынын режиссёру Темиралы Маймашев анын дарегине айтылган кептерди төгүндөдү.

— Биринчи жубайым мен тууралуу калп сөздөрдү айтып, бир басылмага маек бериптир. Мен ошол боюнча чындыкты айтып коёюн дедим. Мен Аксыдан Таш-Көмүргө келип, фотосалон ачып иштеп калдым. Бир күнү шайлоого карата эл чогулуп, кичинекей кыз ырдап жатыптыр. Ал кезде Гүлнур (Асанова) мектепке бара элек болчу. Досторум мага ушул кызды тартып чыгарбайсыңбы деп калышты. Апасы келгенде кызыңды клипке тартып берейин деп таанышып калдым. Ошентип Гүлнурга клип тарттык, артынан «Карагул ботом» тасмасын тартык. Ал кезде биринчи жубайым балдарымды алып кетип, мени үйдөн кууп чыккан болчу. Гүлнурдун апасы Жумагүл Асанова менен тааныш болуп калгандыктан, «мен көчөдө калдым, сеникине кирип алайынчы» деп аргасыздан үйүнө кирип алгам. Жумагүл ошондо эле «эл эмне дейт, сөз кылышпайбы» деп айткан. Жумайымга рахмат, ошондо мени үйүнө кабыл алганына.