Ырысбек Жабиров: «Жубайым экөөбүз 8-класста таанышканбыз. Кийин ышкырсам эле унаага отурду, алып келе бердим»

«Жубайым экөөбүз 8-класста таанышканбыз. Анда мен «красавчик» болчумун», — дейт белгилүү режиссёр Ырысбек Жабиров SUPERTV телеканалына берген маегинде. Анын айтымында, экөө кайчы куда, жубайынын бир тууган агасы Жабировдун бир тууган эжесине үйлөнгөн.

«Жездемдикине бардым. Барсам эле басыгын оңдоп сары кыз жүрөт. Көрсө, бойго жетип калган экен. Чөнтөгүмө бир нерсе салып койду. Карасам эле, «сени сүйүп калдым» деген кат экен (ред. каткырып). Ошентип 1990-жылы мен Красноярскийге окууга тапшыргам, үйдө 6 кыздан кийин уулдуу болгонгобу, же туугандарыбыздын балдары орус улутундагы кызга үйлөнгөнгөбү, үйдөгүлөр бул да бир орусту алып албасын деп мени алдашты. Апам паспортумду катып, «үйлөн, анан кете бересиң» деди. Анда жашмын да, 17 жаштамын. Үйлөнүп кетейин дедим. Кимди алайын деп ойлонуп, анан баягы кыз эске түштү. Досторум менен барсам, бул кой кайтарып жүрүптүр, ышкырсам эле унаага отурду. Анан алып келе бердим. Арманым жок, Кудайга шүгүр, тамашалай берем, өзү да түшүнөт», — деди ал.