Белгилүү режиссёр Ырысбек Жабировдун апасы дүйнө салды. Маалыматты анын жакындары тастыктады. Жабировдун апасы Жалал-Абад облусунда жерге берилет.
Режиссёр мындан бир ай мурун социалдык тармактактагы баракчасына апасы ооруп жатканы тууралуу жазган. «Менин бейишим, жашоомдун маңызы, жан дүйнөмдүн өбөгү болгон апам олуттуу сыркоолоп калды. Жараткан шыпаасын берип, тез сакайып кетсин. Дуба кылып коюңуздар, туугандар», — деп жазган режиссёр.
SUPERTV`нын эмгек жамааты Ырысбек Жабировго жана анын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.