«Рэкетир» тасмасынын жылдызы Мурат Бисенбин рак илдетине чалдыкты

“Рэкетир” тасмасынан белгилүү болгон казакстандык актёр Мурат Бисенбиндин ооруп жатканы белгилүү болду. Маалыматты анын кесиптеши, актёр Саят Исембаев билдирди.

Казак ЖМКлары Мурат Бисенбиндин расмий өкүлдөрү менен байланышкан. «Мурат уйку безинин рагы менен ооруп жатат. 2-стадияда дешти. Дарыгерлер 8 курс химиотерапиядан өтүшү керектигин айтышты. Төртү артта калды. Азыр чет өлкөдөн дарыланып, операция жасатуу жолдорун издеп жатабыз. Айыгып, көрүүчүлөрдү жаңы долбоорлору менен кубантат”, — деди актёрдун кызы Диана.