Рэп аткаруучу Бегиш экинчи ирет ата болду

Ырчы, рэп аткаруучу Бегиштин жубайы көз жарды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Жарык дүйнөгө кош кел, кызым»,- деп жазды ал.

Ырчы жубайы Толгонай экөө 2019-жылы баш кошушкан. Жаш түгөйлөрдүн тун кызынын аты Ева.