Рэп ырчысы Улукманапо биринчи жолу ата болду

Популярдуу рэп ырчысы, «Расстояние», «Азиатская эстетика», «Ок, ок», «Летали» жана башка хит ырлардын автору Улукманапо биринчи жолу ата болду. Бул тууралуу ырчы мырза соцтармактагы баракчасына сүйүнчүлөп, кечээ, 1-июлда уулдуу болгонун билдирди.

Улукманапо деп таанылган Улукман Осмоналиев 2021-жылдын июль айында Азалия аттуу сүйүктүүсү менен баш кошкон.