Рэпер Моргенштерн блогер Дилара Зинатуллинага үйлөндү

Рэпер Моргенштерн блогер Дилара Зинатуллинага үйлөндү. Нике Москванын каттоо бөлүмдөрүнүн биринде расмий катталган. Үйлөнүү тойдо тартылган видео, сүрөттөр соцтармактарга тарады. 

Үйлөнүү үлпөт аземи кадыресе үйлөнүү тойго карата пародияланган ирониялык стилде өттү. Ошентип, Моргенштерн чупа-чупстардан жасалган букети менен Диларага келип, үйдүн кире беришинде үйлөнүү үлпөтүн уюштуруучулардын тапшырмаларын аткарып, келиндин батиринин терезесинин алдында кыйкырып, аны «сатып алды». Үлпөт кортежине Моргенштерндин алгачкы Daewoo Nexia унаасы, ошондой Лимузин кирген. 

Дилара Зинатуллина июнь айынын аягында синагогада Моргенштернге үйлөнүү тууралуу сунуш киргизген. «Ал биздин үй-бүлөдөгү «Алишер Диларага сунуш киргизди» деген стереотиптерди бузду», — деп жазган рэпер.