Республикалык айтышта Амантай Кутманалиев баш байгени утуп алып, ага 200 миң сом тапшырылды

Кечээ, 16-мартта акын Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдыгына карата республикалык айтышта Амантай Кутманалиев баш байгени утуп алды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында залкар акын, көп кырдуу талант Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдыгына карата республикалык айтыш өткөрүлүп, ага эң мыкты деп табылган 12 акын катышты. Айтышта жеңишти Кыргыз Эл артисти Амантай Кутманалиев утуп, ага атайын диплом жана 200 миң өлчөмүндөгү баш байге тапшырылды.
Ак таңдай акын Ашыраалы Айталиевдин «Нарындан жазган салам кат», «Жылкычынын ыры», «Ак шоокум» аттуу белгилүү ырлары элдин сүйүктүү чыгармаларына айланып, боордош казак элинде да ырдалып келет. Салтанатта улуу акын коомдук-маданий иштерге жигердүү катышып, кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытууда зор эмгек жумшаганын баса белгиленип, муну менен катар «Айтыш» фондусун түптөөдө да негизги ролду ойноп, көптөгөн шакирттерди тарбиялагандыгы айтылды.