Республикалык айтышта баш байгени төкмө акын Идрис Айтибаев багындырды

Бишкекте кечээ, 28-мартта  Республикалык айтыш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунун төрагасы Асылбек Маратов билдирди.

Маалыматка ылайык, байге фонду 1 миллион сомду түзгөн айтыштын финалына төрт төкмө суурулуп чыккан. Алар акындар Идрис Айтибаев менен Баян Акматов, Акматбек Султан уулу менен Тынчтык Эсенбай уулу болгон. Жыйынтыгында Идрис Айтибаев жеңүүчү аталып, баш байгени багындарган.

Баш байге Идрис Айтибаевге (200 000 сом);

Биринчи орун Баян Акматовго (150 000 сом);

Экинчи орун Акмат Султан уулуна (100 000 сом);

Үчүнчү орун Тынчтык Эсенбай уулуна (50 000 сом) ыйгарылды.

Ошондой эле «Айтыш» коомдук фондунун төрагасынын айтымында, баш байгени алган акын Идрис Айтибаев алган сыйлыгынын 80 пайызын кайрымдуулукка жумшай турганын иш-чарада билдирген.

Аталган республикалык айтыш «Айтыш» коомдук фондунун 20 жылдыгына жана төкмө акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналып өткөрүлдү.