Рысбай Исаков: «Президентке кошомат кылгандай «дакансалап» кыйкырып жүргөн жокмун»

«Манас» айылын биз тикебизден тик туруп колдойбуз. «Манас» айылын оңдойм деп жатса, биз жардам беребиз. Бузам десе каршы чыгабыз». Бул тууралуу манасчы Рысбай Исаков маек берип жатып билдирди.

«Ал кеткенден кийин айылды оңдойбуз деп жаңы долбоорлорду көтөрүп чыкты. Биз колдодук. Президентке кошомат кылды дешти. Кошомат кылгандай мен аны менен шайлоодо бирге жүргөн жокмун. Көтөрүлүштө аны колдогон жокмун. «Дакансалап» кыйкырып жүргөн жокмун. Митингге барып, анын командасына барган жокмун. Мындан артык кандай калыстык керек?» — деп суроо салды ал.