Рысбай Исаков президенттин колунан «Манас» эпосунун 3 томдугун алды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров кечээ, 1-декабрда «Манас» эпосун 124 саат бою тынбай айткан үчүн Гиннесстин рекорддор китебине кирген манасчы Рысбай Исаков менен жолугушту. Жолугушууга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов жана «Манас» театрынын директору Азиз Биймырза уулу да катышты.

Мамлекет башчысы манасчыны Гиннесстин рекорддор китебине кириши менен куттуктап, манасчынын өнөрү — кыргыз элинин руханий турмушуна, элдик каада-салттарга жана Кыргызстандын жаратман өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салым экенин белгиледи. Садыр Жапаров мамлекет чыгармачыл интеллигенциянын актуалдуу маселелерин тез арада чечүүгө аракеттерди көрүп жатканын, тактап айтканда, келерки жылы жаңыланган «Манас айылы» этнографиялык комплексинде жаңыланган миң орундуу «Манас» театры ишке кирерин эске салды, муну менен бардык манасчылардын башын бириктирип, бул өнөрдү жайылтууга болот.

Өз кезегинде манасчы Рысбай Исаков мамлекет башчыга чыгармачылыктын бул түрүн колдоп жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаров менен жакынкы келечектеги пландары, тактап айтканда, “Манас” театрынын алдында манасчылар мектебин ачуу ниети менен бөлүштү, ал жерден эл ичинен белгилүү манасчылар чыкмакчы. Рысбай Исаков кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурасын сактоонун маанилүүлүгүн, «Манас» эпосу ал мурастын жаркын образы экендигин баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров манасчы Рысбай Исаковго “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үч томдугун тапшырып, чыгармачылык ийгиликтерди каалады.