Рысбай Исаковдун Гиннесcке катталгандыгын тастыктаган сертификаты Улуттук тарых музейге тапшырылды

Кечээ, 2-декабрда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаковдун дүйнөлүк Гиннесстин рекорддор китебине катталгандыгы тууралуу күбөлүгүн Улуттук тарых музейинде расмий тапшыруу аземи өтүп, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Жогорку Кеңештин депутаты, коомдук ишмерлер,бир катар өнөр адамдарынын катышуусунда өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр Алтынбек Максүтов манасчы Рысбай Исаковду жараткан ийгилиги менен дагы бир ирет куттуктап, Улуттук “Манас” театры ачылгандан бери театрдын уюштуруусу менен маданият тармагына тиешелүү бир топ жакшы иштер аткарылып жатканын баса белгилеп, аталган театрдын директору Азиз Биймырза уулуна жана театрдын эмгек жамаатына ыраазычылык билдирди.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаков Түркиянын Бурса шаарында өткөн «Манас» жумалына катышып, манас айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк Гиннесстин рекорддор китебине 124 саат убакытка көркөм окуу боюнча катталган.