9-декабрь күнү манасчы Асаналы Калил уулунун жубайы социалдык баракчасы аркылуу күйөөсү манасчылар тарабынан сабалганын айтып, видеону жарыялаган.
Асаналы Калил уулун сабады делген Рысбай Исаков коомчулукка кайрылып, элден кечирим сурады. Исаковдун айтымында, алардын ортосундагы чыр болгон. Бирок ошол жеке маселени коомчулукка чыгарбай эле койсок болмок деп Калил уулуна кайрылды. Ошондой эле алар бир канча манасчы баш болуп 3 күндөн бери жабырлануучуга жолуга албай жатканын жана манасчыларга, манас дүйнөсүнө сөз тийгизгендери үчүн коомчулуктан кечирим сурады.