Садыр Жапаровдун карындашы “Аалам сулуусу – 2021” сынагына катышарын жар салды

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нуркожоева “Аалам сулуусу – 2021” сынагына катышат. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

“Адам өтсө, сөзү калат артында, жакшы атагы жашай берет калкында” демекчи, Кыргыз элимдин керегине жарап, туубузду бийик көтөрүп, бүткүл дүйнөгө кыргыз элинин желегин желбиретүү менин максатым”, — деп жазган ал.

Декабрь айынын аягында Бишкекте “Кыргызстан сулуусу – 2020” сынагы өтүп, баш байгени Лазат Нуркожоева алган жана анын Садыр Жапаровдун карындашы экендиги коомчулукта кызуу талкууда калган.