«Сага жеңишти берели, ал үчүн мага мамилең керек». Гүлнур Асанова кезинде министрдин орун басары талап койгонун айтып чыкты

Кечээ, 20-июнь күнү SuperTV каналына «Ынтымак» паркында ырдап интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекованын маеги чыккан. Анда ал сынактардан көңүлү калганын баяндап берген. Анын окуясына байланыштуу бир кезде бир нече сынактарга катышып жүргөн ырчы Гүлнур Асанова өз башынан өткөн окуясы менен социалдык баракчасына бөлүштү.

«2010-же 2011-жыл болсо керек эле, революция болуп, Роза Отунбаева президент болчу. Президенттин иш башкармачылыгын Турусбек Коёналиев агай башкарып турган кез.

“Ысык-Көлдөгү кадыр түн” фестивалына мен фольклор жаатында “Күлгүн жаш”, “Ак Зыйнат” деген профессионал ырлар менен катышкам. Жаңы форма тиктирип, даярдык абдан күчтүү болчу. Катышуучулар дайымкыдай эле, баарын тааныйм жана дараметтерин деле билем.

Бир жума калганда Маданият министрлигине министрдин орун басары чакырып жатат деп чалып калды. Оюмда эч нерсе жок шашып барып алгам. Барсам, кабинетинде күтүп отуруптур. Даярдыгымды сурап “Сени татыктуу деп жатат, жеңишти сага берели” дейт. «Сынак өтө элек, балким ар кандай жагдай жаралып калат. Бирок ишеним көрсөткөнүңүздөгө рахмат» деп ыңгайсыздана отуруп калдым. Анан эле… ”Неме, бирок ага чейин сенин мага мамилең керек” деп кирсе болобу! Ушундай эстесем бетине түкүргүм келет! Ошол жерден мага андай кереги эмес, таза сынак болор, күчүмдү өзүм сынайм, эл бар деп эшикти катуу жаап чыгып кеткем.

Сынак болуп, өнөрүбүздү тартууладык. Мен дайым калыстардын ким экендигин алдын ала билчү эмесмин. Сынак учурунда гана көрөт элем. Дайымкыдай 2-3 таанымал Эл артисттери кошулат. Сынак учурунда элдин колдоосу абдан кубантты. Атаандаштарымдын өнөрүн көргөндөн кийин Бегимай айым айткандай ичимден, баш байге болбосо 1-орун деп ишенип жаттым.

Ошентип сыйлоо аземи келди, 1-орун эмес тезек да жок. Азыр го күлүп эстеп жатам, ал кезде ыйлагым келип араң өзүмдү кармагам. А бирок, билесиздерби ал фестиваль чоңдордун (сейрек президент) катышуусу менен өтчү. Көрүүчүлөрдүн арасында президенттин иш бармалыгынын башчысы Турусбек Коёналиев агай чөнтөгүнөн 30 миң сомду конвертке салып, күтүүсүздөн президенттин иш башкармалыгынын атынан деп тапшырганы эч эсимден кетпейт. Чынында мафияны эч ким айтпайт, себеби ал чөйрөдөн кете элек. А мен азыр айтканымдын себеби, бул чөйрөдөн алыстагам, Кудайга шүгүр!» — деп жазды Гүлнур Асанова.