Ырчы Сагын Эргешов: “Бир суткада клип тарттым”  

Ырчы, алып баруучу Сагын Эргешов «Жалгызым» аттуу жаңы клип тарттырды.

Бул тууралуу ага байланышканыбызда ырчы мырза төмөндөгүлөрдү айтты: “Жалгызым” аттуу ырыма клип 1 күндө, башкача айтканда 1 суткада тартылып бүттү. Видеоклип клипмейкер Бек Жумакадыровдун колунан жаралды. Ырдын сөзү Тимур Салиевге, обону Бек Жумакадыров жана Осмон аттуу жигитке таандык. Клип менен бул жашоодо убакыт баарыбызга ченелүү берилгенин, ошол убакытты туура пайдаланып, адамдарды тирүү кезинде баалай билүү керек деген ойду бергибиз келди. Сүйүүнүн улуулугун, таттуулугун чагылдырылган клип десем болот. Жакында көрө аласыздар”.

Сагын Эргешов учурда Москва шаарында концерт берип жүргөнүн кошумчалады.