Сайкал Садыбакасова ага айтылган жаман сөздөр тууралуу: «2-3 күн бөлмөдө ыйлап жатчумун»

«Менин дүйнөм» берүүсүнүн кезектеги каарманы ырчы Сайкал Садыбакасова болду. Ал башынан кетирген катачылыктары, турмуштан алган сабактары, тагдырында болгон чоң бурулуш тууралуу айтып берди.

«Мен катанын үстүндө иштөө керек деп ойлойм. Менин да башым ташка урунган. Ташка кайра башың тийбеши керек. Апамдын ар бир айткан сөзү убакыттын өтүшү менен туура чыкты. Терең ойлонуп, иш кылуу керек. Ар бир адам бул жашоодо адашат, ката кетирет. Ошол катаны оңдогон адам гана бааланат. Чыгармачылыкта жүргөн соң жакшы да, жаман да сөз айтылат экен. Жаман сөздөргө башында ыйлачумун. 2-3 күн бөлмөдө ыйлап жатчумун. Апам алдап, алып чыкчу. Ал учурдан өттүм», — деди ал.